11-сентябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранты Азирет Заидовдун илимий эмгегинин презентациясы болду.

2021-09-17 17:37:39 104

11-сентябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранты Азирет Заидовдун илимий эмгегинин презентациясы болду. 11-сентябрь күнү Өзгөн районунун Куршаб айылында "Куршаб аймагынын тарыхы" аттуу илимий-популярдуу китептин бет ачары болуп өттү. Аталган китептин бет ачарына ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы т.и.к., доцент жана китептин редактору Сабыркул Арстанов жана аталган факультеттин илимий иштер боюнча декандын орун басары жана китептин рецензентти Гульназ Чыныкеева, Ош областык мамлекеттик архивинин өкүлү Үсөн Жамалидинович, Өзгөн райондук Билим берүү бөлүмүнүн м.а. Муратов Аязбек агай, Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн профсоюзунун жетекчиси Ибрагим Шамшиевич жана Куршаб айыл өкмөтүнүн орун басары Аскат мырза, Казыбек Мамасадыков агам баш болгон жергиликтүү кеңештин депутаттары жана Аида Молдоматова баш болгон мектеп жана бала бакчанын директорлору ошондой эле айылдын жана райондун алдыңкы инсандары катышты. Ар катышуучуга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.