6-декабрь, 2021-жыл. АУЦАнын профессору, тарых илимдеринин доктору Ч. Турдалиеванын демилгеси жана ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин уюштуруусу менен Фулбрайттын 70 жылдыгына карата семинар өттү.

2021-12-08 16:05:02 90

6-декабрь, 2021-жыл. АУЦАнын профессору, тарых илимдеринин доктору Ч. Турдалиеванын демилгеси жана ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин уюштуруусу менен Фулбрайттын 70 жылдыгына карата семинар өттү. Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессорлору Ч. Турдалиева менен М. Токтогулова Фулбрайт программасынын 70 жылдыгына карата "Building Resilient Future through Women’s Empowerment, Diversity, and Inclusion in the Post-COVID Recovery Phase in Kyrgyzstan" долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы университеттердин окутуучулары үчүн эл аралык фонддорго жана программаларга илимий-изилдөө өтүнмөлөрүн жазуу боюнча тренинг өтүп берүү үчүн ОшМУга келишти. Аларды эл аралык байланыштар департаментинин директору А.О. Абдувалиев кабыл алып, ОшМУ менен Америка университети бир топ жылдан бери жемиштүү иштешип келе жаткандыгын айтып, алдыдагы семинардын долбоор жазып, чет өлкөдө илимий стажировкада болуп келүүнү каалаган окутуучулар үчүн мааниси чоң экендигин, ОшМУда Фулбрайт программасынын бир нерче стипендиаттары эмгектенерин белгилеп, акысыз тренинг өтүп берүү үчүн келгендиги үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле иш-чаранын башталышында сөз сүйлөп, жыйынды ачып берди. Тренингге Ош шаарындагы окуу жайлардын 100гө жакын окутуучусу катышып, Американын жана Европанын стипендиялык программаларына долбоор жазып катышуу боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты. Фулбрайт программасынын 2004-2005-жылдардагы катышуучусу Чолпон Турдалиева «Успешная заявка на международные исследовательские программы», аталган программанын 2010-2011-жылдардагы чакырылган окумуштуусу Мукарам Токтогулова «Методы написания заявок на исследовательские программы» аттуу темаларда маек куруп беришти. Жыйын АУЦАнын профессору Ангелина Попованын онлайн сабактары менен коштолду. Иш-чаранын соңунда катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.