7-декабрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранттары профессор К.Матикеевдин 80 жылдык маарекесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышышты.

2021-12-08 16:37:42 91

7-декабрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранттары профессор К.Матикеевдин 80 жылдык маарекесине арналган ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаменти тарабынан уюштурулган “Жаш окумуштуулардын илимий изилдѳѳлѳрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышышты.Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор К.Матикеевдин 80 жылдык маарекесине арналган “III-Матикеевдик окуулардын” алкагында, ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаменти тарабынан уюштурулган “Жаш окумуштуулардын илимий изилдѳѳлѳрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференцияга чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранттары Орунбай уулу Куттубек (илимий жетекчиси профессор Кадыров Т.Д.), Саипжан кызы Гулшайыр (илимий жетекчиси доцент Арстанов С.А.), Кожомберди кызы Зубагүл (илимий жетекчиси доцент Сатыбалдиева Ч.Т.) активдүү катышып, 1-2- даражадагы дипломдор жана активдүү катышкандыгы үчүн атайын сертикаттар менен сыйланышты.