Чыгыш таануу жана тарых факультетинин жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценттерине ОшМУнун административдик кеңешинде ректор Кудайберди Кожобеков сыйлыктарды таршырды.

2021-12-14 17:29:34 131

ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценттери, т.и.к. Гулназ Чыныкеевага жана т.и.к. Гулзада Жумашовага ОшМУнун административдик кеңешинде ректор Кудайберди Кожобеков сыйлыктарды таршырды. Алар Казакстандын "Бобек" ассоциациясы жана Казакстандагы окумуштуулардын конгресси менен биргеликте уюштурган "Билим берүүдөгү мыктылар -2021” эл аралык долбоорунун алкагында “Мыкты педагог” конкурсуна катышып II жана III даражадагы диплом, күбөлүк жана төш белги менен сыйланышты.