14-октябрь,2022-жыл. Тарых факультети Л.Н. Гумилевдун 110 жылдык мааракесине карата уюштурулган XIX эл аралык форумга катышты.

2022-10-18 19:17:16 114

Казахстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети тарабынан белгилүү окумуштуу Л.Н. Гумилевдун 110 жылдык мааракесине карата уюштурулган "ЛЕВ ГУМИЛЕВ ЖАНА УЛУУ ТАЛАА: ТАРЫХ ЖАНА АЗЫРКЫ ЗАМАН" (ЛЕВ ГУМИЛЕВ И ВЕЛИКАЯ СТЕПЬ: ИСТОРИЯ И СОВРЕМЕННОСТЬ) аттуу XIX эл аралык форумдун ачылышына ОшМУнун тарых факультетинин деканы т.и.к., доцент С.А. Арстанов куттуктоо сөзүн сүйлөп, баяндама жасады. Форумга факультеттин профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышышты.