3.10.2022-жыл. Социалдык иштер кафедрасы тарабынан "Карылар күнүнө" карата тегерек стол өткөрүлдү.

2022-12-07 15:04:29 97

3.10.2022-жыл. Социалдык иштер кафедрасы тарабынан "Кыргыз Республикасындагы модернизациялоо шартында улгайган жарандардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана жеңилдетүү механизмдери" деген аталышта 1-октябрь Эл аралык карылардын күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чаранын коногу Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгынын адиси Айтиева Назира "Кыргыз Республикасынын пенсиялык төлөмдөрүнүн абалы боюнча маалымат берди жана берилген суроолорго жооп берди. "Кыргызстандагы татыктуу карылык" деген темада талкуу болуп, сунуштар алынды. Жалпы конокторго, доклад окуган окутуучуларга, студенттерге ыраазычылык билдиребиз.