20-октябрь, 2022-жыл. Тарых факультетинин жамааты илимий-практикалык конференцияда

2022-12-07 15:34:24 99

20-октябрь, 2022-жыл. Тарых факультетинин жамааты илимий-практикалык конференцияда. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 15-августундагы №284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык коомчулуктун катышуусунда Элдик Курултайдын маани-мазмуну маселелелерине арналган "Кыргыз элинин коом түзүү жана эл башкаруу тажрыйбасындагы салттуу институттар: үй-бүлө, аксакалдык, элдик курултай" аттуу илимий-практикалык конференция өтүп, ага т.и.к., доцент Смадияров С.А. "Кыргыз башкаруу системасындагы курултайдын орду жана каада-салт, нарк-насил" деген темада баяндама жасады. Ошондой эле, анда конок катары т.и.к. Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) "Курултай жана анын саясий-салттык негиздери" деген темада баяндама жасады.