25-октябрь, 2022-жыл. Тарых факультетинин Социалдык иштер кафедрасында конок лекциялар окулду.

2022-12-07 16:49:08 111

Кезектеги конок лекцияны ОшМУнун Социалдык иштер адистигинин бакалавр, колледж багыттарынын жалпы студенттерине Өзбекстан республикасынын Фергана мамлекеттик университетинин Социалдык иштер кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Абдырахманова Манзура Манафовна жана э.и.к PhD доктору Ханкелдиева Комилахон окушту. Өзбекстандык коллегалар атайын иш сапары менен ОшМУга келишип, Эл аралык байланыштар департаментинин директору м.и.к., доцент Абдувалиев Абдыганы Осмонович менен жолугушуп бир катар маселелерди талкуулашып, белектерди алышты. Сырткы мобилдүүлүк байланыштарын күчөтүү максатында Социалдык иштер адистигинин 2 окутуучусу жана 10 студенти ноябрь айында 1 жумалык мобилдүүлүккө барууга макулдашышты.