4-ноябрь, 2022-жыл. Тарых факультетинде профессор Д.Шаматов конок лекция окуду.

2022-12-07 17:12:18 106

2022-жылдын 4-ноябрь күнү Тарых факультетинде Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов «Илимий изилдөөнү кантип баштоо керек?» деген темада магистранттар жана студенттер үчүн конок лекция өттү. Факультеттин деканы т.и.к., доцент С.А. Арстанов иш чаранын ачылышында Д.Шаматов агайдын ОшМУнун бүтүрүүчүсү экендигин белгилеп, Казакстандын Назарбаев университетинин профессору даражасына жетүү үчүн жасаган эмгектерин баалап өттү. Конок лекцияга ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору ф-м. и.к., доцент Арапбаев Р.Н. келип угуучу катары катышып, агайга терең ыраазычылык билдирди.Аталган иш чарада магистранттар жана студенттер үчүн таасирдүү, кызыктуу маалыматтар берилип, илим изилдөөгө чоң мотивизация берилди. Биздин сунушту ар дайыма жылуу кабыл алып, мол тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп, дайыма кызматташып турган Дүйшөн Шаматов агайга сыймыктануу менен терең ыраазычылык билдиребиз.