6-декабрь, 2022-жыл. Тарых факультетинде кыргыздын агартуучу-илимпозу И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата ищ-чара болуп өттү.

2022-12-07 20:11:11 121

6-декабрь, 2022-жыл. Тарых факультетинде кыргыздын агартуучу-илимпозу И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата ищ-чара болуп өттү. Кыргыздын алгачкы агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата 2022-жылдын 6-декабрь күнү Т.А. Абдрахманов, А.Э. Кубатова, Ж.Р. Байдилдеевдердин «Эки доор инсаны Эшеналы Арабаев» деп аталган китебинин бет ачары болуп өттү. Бул иш-чарага китептин авторлору КРнын УИАсынын Б. Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, доцент А.Э. Кубатова, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин И.Арабаев таануу илимий-изилдөөчүлүк борборунун директору, доцент Ж.Р. Байдилдеев келип катышып «Эки доор инсаны Эшеналы Арабаев» китебиндеги тарыхый жаңы фактылар тууралуу мазмундуу маалымат беришти. Китептин авторлорун факультеттин профессордук-окуутучулук курамы жылуу кабыл алып ой пикир, сунуштарын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти. Бул иш-чарадагы берилген маалыматтар студенттер жана магистранттар үчүн абдан жемиштүү болду.