9-декабрь, 2022-жыл. Тарых факультетинин окутуучулары аймактагы мектептерде

2022-12-15 16:55:15 120

9-декабрь, 2022-жыл. Тарых факультетинин окутуучулары аймактагы мектептерде. АЙМАКТАГЫ ТАРЫХЧЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУП, ПРАКТИКАНЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРИЛДИ. Кесипке багыттоо иш-чараларынын алкагында тарых факультетинин деканы, доцент С.А. Арстанов баштаган жамааттын өкүлдөрү 2022-жылдын 9-декабрында Өзгөн районундагы Бакмал мектебинде тарыхчы мугалимдер менен жолугушту. Бул жолугуушуу 4-курстун студенти Алимжан уулу Шайырбектин профилдик-базалык практиканы жыйынтыктоо катарында, тарыхчы мугалимдер арасындагы “Татыктуу тарыхчы мугалим” аттуу интелектуалдык оюну менен коштолуп, мыкты катышкан командаларга атайын факультет тарабынан китеп-белектер берилди. Райондун тарых боюнча методисти Рысалиева Сабира Тургунбаевна жана тарыхчылары тарабынан суроолор берилип, сунуштар айтылып, алдыда тыгыз кызматашуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Тарыхый билим берүүнүн сапатын арттыруу максатында алдыда дагы аймактын тарыхчылары менен кызматташуу уланат.