20-декабрь, 2022-жыл. КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов ОшМУда.

2022-12-20 21:44:57 107

КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов ОшМУда ОшМУнун тарых факультетинин демилгеси менен “Магистранттардын, студенттердин өз алдынча билим алуусундагы акыл эмгегинин маданиятынын негизинде уюштуруу” аттуу практикалык семинар болуп өттү. “Акыл эмгегинин маданияты сабагы бул - балдарды билим алууга үйрөтө турган сабак. Азыр биз маалымат доорунда жашап жаткандыктан информация ушунчалык көп, балдардын башына анын баары батпайт. Ошол үчүн алардын окугусу келбейт. Биздин методика - ошол чоң маалыматтын негизгисин бөлүп алып, ток этерин алып үйрөтө турган ыкма. Бул - 100 бетти 10 бет, 10 бетти 1 бет, 1 бетти 1 абзац, 1 абзацты 1 сүйлөм кылып коюшту үйрөтөт. Ошондо балага билим алуу жеңил, ыкчам болот”,-дейт устат Гапыр Мадаминов. Толук маалымат алуу үчүн: https://www.oshsu.kg/ru/news/1347