16-20-январь, 2023-жыл. “Scopus маалымат базасында кантип макала жазуу керек” аттуу кышкы мектепке Кундуз Каримова катышып келди.

2023-02-01 16:30:16 125

Бишкек шаарында 16-январдан 20-январга чейин Scopus базасындагы журналдарга илимий макала даярдоо жана жарыялоо боюнча кышкы мектеп болуп өтүп, анда "Социалдык иштер" кафедрасынын улук окутуучусу Каримова Кундуз катышып келди. Окутуучулар изилдөө процессин жана анын аткарылышын сандык, сапаттык жана аралаш ыкмаларды колдонуу менен түшүнүү үчүн зарыл болгон негизги билимдерди жана көндүмдөрдү алышты жана кол жазманы басмага даярдоонун жол-жобосу менен таанышышты. Тренингдин жүрүшүндө ал Stata жана SPSS программалык программаларын колдонуу менен маалыматтарды талдоо практикасын жасап, "Scopus маалымат базасында индекстелген журналга макаланы кантип жазуу жана жарыялоо керек" аттуу Кышкы мектепте окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатка ээ болду.