26-январь, 2023-жыл. Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы С.Амиралиев менен менен жолугушуу.

2023-02-01 16:45:59 136

26-январь, 2023-жыл. Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев менен жолугушуу болуп өттү. Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү Юридика, Тарых жана социалдык иштер, Эл аралык мамилелер факультеттеринин кураторлорун топтоп, аларды визалык, миграциялык маалыматтар менен тааныштырып, чет өлкөлүк студенттерге таркатылуучу инструкциялык материалдарды берди. Жалпысынан жыйынга 20дан ашуун окутуучу катышып, өздөрүнүн ой-пикирлери, сунуштары менен бөлүшүштү. Мындан тышкары алардын көңүлүн бөлүм экинчи семестрде чет өлкөлүк студенттер үчүн пландаган иш-чараларга бурду: - Спорттун волейбол, футбол, стол теннис, шахмат ж.б. түрлөрү боюнча мелдеш; - Академиялык мобилдүүлүккө катыштыруу; - Чет өлкөлүк студенттер менен ректордун чай үстүндө баарлашуусу; - Элчиликтер менен тыгыз иштешүү, алар менен биргеликте өтүүчү иш-чараларды пландоо. Өзбекстандык КРдеги элчилиги менен өзбекстандык, Индиянын КРдеги элчилиги менен индиялык студенттердин жолугушуусу; - Кыргыз Республикасын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаардык ички-иштер башкармалыгы менен чогуу жүргүзүлүүчү жумуштардын планын иштеп чыгуу ж.б. Натыйжада чет өлкөлүктөр үчүн түзүлгөн иш план кураторлор тарабынан колдоо таап, аны жүзөгө ашырууда алар көмөктөшө тургандыктарын билдиришти.