22-февраль, 2023-жыл. АЗЫРКЫ АРАКЕТИҢ-ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИҢ.

2023-04-19 05:41:53 137

АЗЫРКЫ АРАКЕТИҢ-ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИҢ. Тарых жана социалдык иштер факультетинде Бүткүл дүйнөлүк эл аралык эне ти күнүнө карата 2023-жылдын 21-февралында новатор агайыбыз Гапыр Мадаминовдун акыл эмгегинин маданияты китебинин негизинде “Азыркы аракетиң – эртеңки келечегиң” деген аталышта иш чара болуп өттү. Анда тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумашова Гүлзада Султановна акыл эмгегинин маданияты китебинин студенттер үчүн баалуулугу боюнча баяндама жасады. Жыйынтыгында факультеттин деканы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Арстанов Сабыркул Абдыманапович билим алуу, китеп окуунун артыкчылыктарын баса белгилеп, студенттерге баалуу кеп кеңештерди айтты. Иш чара суроолор, сунуштар, талкуулар менен коштоп, ийгиликтүү өттү.