01.09.2023-жыл. "1-сентябрь Билим майрамы" белгиленди.

2023-10-05 09:40:35 202

"1-сентябрь Билим майрамы" белгиленди. 2023-жылдын 1-сентябрь күнү ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинде белгиленди. Билим күнүнө арналган салтанатты ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору ф-м.и.к. доцент Р.Н. Арапбаев ачып берип, ОшМУнун ректору профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин куттуктоо сөзүн жеткирди. Ошондой эле өз сөзүндө окуу жайдын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап жалпы студенттерге өз кесибинин мыкты адиси болушун каалап, окуу жайдын ийгиликтерине токтолуп, пилоттук долбоор аркылуу окутулуп жаткан адистиктер тууралуу кеңири маалымат берип окуу жылы ийгиликтүү болушун каалап өттү. Майрамдык иш-чаранын официалдуу бөлүгү аяктаган соң студенттер тайпа кураторлору менен тааныштырылып куратордук саат менен жаңы окуу жылы башталды.