04.10.2023-жыл. ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин делегациясы Наманган мамлекеттик университетинде.

2023-10-05 10:21:01 171

04.10.2023-жыл. ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин делегациясы, факультетин деканы доцент С.А. Арстанов, Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология кафедрасынын башчысы доцент Т.М. Шаанов, улук окутуучу Т. Усманов Наманган мамлекеттик университетинин тарых факультетине барып буга чейинки кызматташууну дагы да кенейтүүгө, археологиялык казууларды жүргүзүү, илимий изилдөө иштерин, долбоорлор менен иштөө, мобилдүүлүк программаларын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Факультеттин өкүлдөрү Наманган аймагында изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан Кытайлык археологдордун ишмердүүлүгү менен таанышып, атайын уюштурулган семинарга катышып, улук окутуучу Т. Усманов Наманган мамлекеттик университетинин студенттерине конок лекция окуду. Наманган мамлекеттик университетинин тарых факультети менен ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультети ар тараптуу кызматташып келет.