Тарых факультетинин Окумуштуулар кеңешинин жыйыны

2015-12-05 17:05:43 3667

2015-жылдын 3-декабрь күнү Тарых факультетинин Окумуштуу Кеңешинин кезектеги № 3 жыйыны болуп өттү. Жыйында негизги маселе катары факультеттин 2015-жылдагы илимий иштеринин абалы талкууланды. Негизги баяндаманы факультеттин деканынын илимий иштер боюнча орун басары т.и.к., улук окутуучу С. Арстанов жасап, ушул жылдагы факультетте аткарылган илимий багыттагы иштерди билдирди. Жыйынтыгында 2015-жылдагы илимий иштердин отчету канааттандырарлык деп табылды. Кошумча маселе катары факультеттеги студенттердин курстук жана дипломдук иштеринин темалары, жетекчилери бекитилди.