Практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

2015-12-19 14:45:43 4501

2015-жылдын 16-декабрында тарых факультетинде 4-курстардын кесиптик-багыттык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Мында студенттердин практика мезгилинде өздөрү даярдашкан ачык сабактарынан көрүнүштөрдү көрсөтүштү жана иштелмелерин, отчетторун тапшырышты. Практиканы мыкты өтөшкөн студенттерге мектеп администрациялары тарабынан берилген Ыраазычылык баракчаларын декан С.Смадияров 7 студентибизге тапшырды. Практика жогорку деңгээлде өткөндүгү белгиленди.