Тарых факультетинде поэзия кечеси

2015-12-19 14:59:08 4312

14-декабрь күнү Тарых факультетинин Чоң актылык залында Ч.Айтматовдун туулган күнү жана А.Осмоновдун туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган поэзия кечеси болуп өттү. Мында студенттерибиз бир нече номинацияда өздөрүнүн талантын көрсөтүштү. Алгач А.Осмоновдун ырларынан көркөм окуу, кийин студенттер өздөрү жазышкан ырларынан окуп беришти. Акырында акын-жазуучулардын чыгармаларынан инцинировкалар конкурсу болду. Мындан тышкары студенттерден мыкты сүрөтчүлөр да өз сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту. Жыйынтыгында жеңүүчү аталган студенттер Факультеттин Ардак громаталары, баалуу белектер менен сыйланышты.