Тарых факультетинде бүтүрүүчүлөр жолугушуусу болду

2015-12-25 16:05:23 3752

19-декабрь күнү тарых факультетинин бүтүрүүчүлор ассоциациясынын уюштуруу жыйыны болуп өттү. Салтанатты тарых факультетинин деканы С. Смадияров ачып бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү жолугушуусу менен куттуктады. Жыйынга ОшМУнун тарых факультетин аяктаган бүтүрүүчүлөр Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынан, Ош шаарынан катышышты. Алардын катарында билим берүү системасында, мамлекеттик кызматтарда, күч структурасында иштеген бүтүрүүчүлөр бар. Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдөн ОГПИнин ректору Б.Зулуев, Ош шаардык кеңешинин депутаты С.Жунусбаев, ОшМУнун тарых –филология факультетинин деканы А.Т. Балтабаева ж.б. сөз сүйлөдү. izobrazhenie123.jpg izobrazhenie446.jpg