мектеп окуучулары кышкы каникулда тарых факультетинде.

2016-01-20 14:45:42 4239

2016-жылдын 18-19-20-январь күндөрү Тарых факультетинде шаарыбыздагы мектеп окуучулары үчүн (10-11-класстар) келечек адистигин туура тандоого кеңеш берүү максатында “кышкы лагерь” уюштурулду. Мында окуучулар тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, факультеттин окуу-материалдык базасы (китепкана, компьютердик класс, окуу аудиториялары), окуу жараяны, илимий иштери, факультеттин музейи менен таанышып, тарых адистиги жөнүндө кенен маалымат алып кайтышты. Мектеп окуучуларынын жана алар менен кошо келген мугалимдердин каалоосу боюнча мындай жолугушуулар мындан ары да өткөрүлүп турмакчы болду.