Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнү Тарых факультетинде

2016-02-20 10:30:59 5010

Тарых факультетинде 18-февралда деканат жана жаштар комитетинин демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Мында студенттер кыргыз, орус, англис, арап, кытай ж.б. тилдерде саламдашуу айтышып, ырларды ырдашты. Ошондой эле кыргыз, орус, өзбек, инди, испан ж.б. элдердин бийлери бийленип, тил жөнүндө акын жазуучулардын ырлары көркөм окулду. Кыргыз дастандары мисалы, "Курманбек" эпосунан ңзңндң айтылып кыргыз күүлөрү аткарылды. Жыйынтыгында активдүү катышып, жеңүүчү болгон студенттер баалуу сыйлыктар менен сыйланды.