Тарых жана маданият жылына карата №107 А.Жунусов мектебиндеги иш-чара

2016-02-22 13:27:36 9158

Тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, атап айтсак, Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы, т.и.к., проф.Кадыров Т.Д., т.и.к., проф. Адилбаев Ж.А., т.и.к., доц. Султанова А.Т., т.и.к., доц. Чыныкеева Г.Э., т.и.к., доц. Апышова А., улук окут. Осмонова Б. Кара-Суу районуна караштуу №107 Аманбай Жунусов мектебинде Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган атайын иш-чарага барып катышып, тарыхый темалар боюнча лекцияларды окуп, суроолорго жооп беришип, пикир алмашып келишти. Бул иш-чараны мектептин директору Айбек Муратов уюштуруп, мектеп окуучулары жана мугалимдери, айыл аксакалдары ж.б. катышты.