1-март, 2017-жыл. Мамлекеттик тилде жарык көргөн эмгектердин бет ачары.

2017-03-02 09:38:27 4272

2017-жылдын 1-мартында “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын мамлекеттик тилде жарык көргөн эмгектеринин бет ачары болуп өттү. Ага ОшМУнун Мамлекеттик тил борборунун жетекчиси М.Нурмаматова, мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Э.Алишерова келип катышышты. Иш чарада кыргыз тилиндеги эмгектердин авторлорунун баяндамалары жасалды. Алар: 1.Смадияров С.А. – Кыргыз мамлекети автономия жылдарында (1924-1936-жж.) түзүмү, ишмердиги, ишмерлери (2016) 2. Кадыров Т.Д. – Кыргызстанда радиоуктуруу жана телекөрсөтүүнүн калыптануу жана өнүгүү тарыхы (2014) 3. Адилбаев Ж.А. – Кытайдын соңку тарыхы (2014), Япониянын соңку тарыхы 1918-2010 (2015), Тарыхый окуялардын, аталгылардын, түшүнүктөрдүн энциклопедиялык сөздүгү (2015) 4. Чыныкеева Г.Э. – Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын түштүгүндөгү этнодемографиялык жүрүмдөр (2016) 5. Арстанов С.А. – Кыргызстандагы коллективдештирүүнүн белгисиз барактары (2014) 6. Жумашова Г.С. – Жаңы мезгилдин тарыхы (1640-1871-жж.) (2015). Иш чарада студенттер тарабынан суроолор берилип, аларга жооптор айтылды. Ошондой эле, Муратаалы уулу Чыңгыз "Манас" эпосунан үзүндү айтса, Бекболот кызы Айгүл өзүнүн жазган ырын окуп беришип, белектер менен сыйланышты. Иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.