31-март, 2017-жыл. Тарых факультетинде аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

2017-04-01 12:23:28 4584

2017-жылдын 31-мартында тарых факультетинде "Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолундагы үч ашуу" аттуу аймактык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Ага ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, тех.и.д., профессор И.Г.Кенжаев, ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м. и.к., доцент Г.М.Анарбаевалар келип катышышты. Анда т.и.к., доцент Арстанов С.А., т.и.к., доцент Бердиев А.Т. (БатМУ), т.и.к., доцент Авазов Э.А. (ЖАМУ), т.и.к., доцент Ташмаматов Ө.А., улук окутуучу Ураимов У.Н. илимий докладдарды жасашты. Жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынды.