4-апрель, 2017-жыл. Т.и.к., профессор Т.Д.Кадыровго ЖАМУнун "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

2017-04-06 10:49:08 3432

Тарых факультетинин жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Кадыров Т.Д. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин "Ардактуу профессору" наамына татыктуу болду. Аны Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин негизинде, окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Усенов К.Ж. тапшырды. Андыктан, факультеттин деканы, т.и.к., доцент С.А.Смадияров баш болгон жамаат Турдумамат Дыйканбаевичке бекем ден соолук, аруу тилектерди, иштерине изги ийгиликтерди каалайт жана алган наамыныз кут болсун демекчи.