3-март, 2018-жыл. Тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө семинар жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.

2018-03-03 13:19:04 5790

3-март, 2018-жыл. Тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө "Магистратуранын учурдагы абалы жана келечеги" деген темадагы семинар жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү. Анда ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева келип катышты. Ошондой эле баяндамачылар тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А.Смадияров "Социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы магистрдик программанын негизги билим берүү программасынын маңызы жана багыттары" деген темада жана Ноокат районундагы Кожоке мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Н.Э.Атаканова "Мектеп программасы менен социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы магистрдик программанын дал келүүчүлүгү" деген темада кызыктуу жана маанилүү баяндамаларын жасашты.