19-март, 2018-жыл. Тарых факультетинде Нооруз майрамына жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга карата илимий тегерек стол болуп өттү.

2018-03-20 10:02:56 3342

19-март, 2018-жыл. Тарых факультетинде Нооруз майрамына жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга карата илимий тегерек стол болуп өттү. Ага ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, тех.и.д., профессор Кенжаев И.Г. келип катышты. Факультеттин деканы, т.и.к., доцент Смадияров С.А., кафедра башчысы, т.и.к., профессор Кадыров Т.Д. ж.б. куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Ошондой эле т.и.к., доцент Сатыбалдиева Ч.Т. "Кыргыздардын улуттук оюндары - этнографиялык булак катары" жана улук окутуучу Ураимов Үрүстөм "Көчмөн элдердин салттык оюндары жана алардын учурдагы абалы" деген темада илимий докладдарын жасашты. Тегерек стол кызуу талкуулар менен коштолду.