24-март, 2018-жыл. Тарых факультетинде профилдик-базалык жана кесиптик-профилдик практикалардын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

2018-03-24 12:53:52 3605

24-март, 2018-жыл. Тарых факультетинде 3-курсунун профилдик-базалык жана 4-курсунун кесиптик-профилдик практикаларынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Аны практикаларга жооптуу улук окутуучу Айтбаев Т.А. уюштурду. Конференцияда практиканттар даярдалган видеослайддары менен чыгып сүйлөштү жана Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы т.и.к., профессор Кадыров Т.Д. практика мезгилинде ийгиликтерди жараткан студенттерге ыраазычылык билдирди. Атап айтканда, Асилбек кызы Аида, Эрмекбай уулу Улукмырза, Юлдашев Базарбай жана Суюнбаева Мадиналар сыйланышты.