20-сентябрь, 2018-жыл. Тарых факультеттинде 23-сентябрь мамлекеттик тил майрамына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык кече болуп өттү.

2018-09-24 10:16:00 3011

20-сентябрь, 2018-жыл. Тарых факультеттинде 23-сентябрь мамлекеттик тил майрамына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Ааламга түгөл таанытып, Айтматов багын ачкан тил” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Адабий-музыкалык кечеде ыр-күүлөр аткарылып, кыргыз бийлери менен коштолду. Иш-чара Ош МУнун мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Маданова Кызбурак жана Алишерова Элмира тарабынан уюштурулду. Кече жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгү үчүн окутуучуларга деканат тарабынан ыраазычылык билдирилди.