6-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин окутуучулары жана студенттери “Ош МУ – Азаттык: медиа форум” аттуу форумга катышты.

2018-11-06 15:36:30 2372

6-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин окутуучулары жана студенттери “Ош МУ – Азаттык: медиа форум” аттуу форумга катышты. Форумга “Эркин Европа – Азатык” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева, “Азаттык” медиа мекемесинин директору Айзада Касмалиева, “Азаттык” медиа мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова, “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Прагадагы кабарчысы Амирбек Усманов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, “Азаттыкта” эмгектенген ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү: Жанар Жолдошбаев, Кубаныч Жолдошев, Медер Ниязалиев, Эрнист Нурматов, Ыдырыс Ысаков жана башка бир топ журналисттер катышышты. Иш чарада “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Прагадагы кабарчысы, университеттин бир топ факультеттеринде конок лекцияларды өткөн Амирбек Усмановго “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.