14-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин 2-курсунун студенти Өскөнбай кызы Айжана “Жаш акын” сынагында ийгиликке жетишти.

2018-11-15 13:19:16 2476

14-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин 2-курсунун студенти Өскөнбай кызы Айжана Ош МУ тарабынан уюштурулган ЖОЖдор аралык “Жаш акын” сынагына катышты. Ош мамлекеттик университетинде 14-ноябрда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында “Жаш акын" сынагы болуп өттү. Сынакка “ОшМУнун таланттуу студенти” катары тарых факультетинин 2-курсунун студенти Өскөнбай кызы Айжана катышты. Ошондой эле, ОГПИнин студенти Исамидин уулу Бектурали, Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Абдиназар кызы Нургиза, ОшТУнун студенти Узакбай уулу Камчыбектер катышышты. Акындардын чыгармачылык дарамети белгилүү акын, жазуучу Зинакан Пасанова, жазуучу, драматург Суранчы Жетимишов сыяктуу акын-жазуучулар тарабынан бааланды. Конкурс жалпысынан төрт тур менен өтүп, анда сынакка катышкан ар бир акын биринчи турда мыкты деген эки ырын окуса, экинчи турда Ч.Айтматовдун бейнеси – поэзияда, үчүнчү турда акындык талантынан сырткары өнөрүн көрсөтүшүп, төртүнчү турда калыстар жана күйөрмандардан тандалып алынган 5 сөзгө 5 мүнөттүн ичинде ыр жазышты. Конкурстун жыйынтыгында калыстардын баалоосу менен баш байгени Узакбай уулу Камчыбек, 1-орунду Исамидин уулу Бектурали, 2-орунду Өскөнбай кызы Айжана, 3-орун Абдиназар кызы Нургиза жеңип алышып, уюштуруучулар тарабынан диплом, улу жазуучулардын томдуктары, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жан дүйнөнү поэзия менен суугарып, көңүл жибиткен бул иш чара Ош МУнун студенттик “Нур” гезитинин редактору, акын Мелис Маматжан уулу жана Тарбия департаменти тарабынан уюштурулду. Сынакка ОшМУнун ректораты жана профсоюз уюму демөөрчүлүк кылышты.